Кыргызстандын азык-түлүк продукциясын Россияга жайылтуу аракети көрүлүүдө

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 12:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. 3-7-февраль аралыгында Москва шаарындагы "Экспоцентр" борборунда эң чоң эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттардын "ПродЭкспо-2025" көргөзмөсү өттү.

Ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун өкүлдөрү жана экспортко багытталган жергиликтүү 26 компания катышты.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, көргөзмөнүн алкагында катышуучу, өндүрүүчүлөрдүн арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданы стимулдаштыруу боюнча Иш-чаралар планы түзүлдү. Бул документ Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктардын алдын алууга жана аларды жоюуга багытталган.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн жүрүшүндө бардык катышуучулар менен бейформал жолугушуу өткөрүлдү. Тажрыйбалуу өндүрүүчү – экспортерлор тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн жаңы катышуучулары менен россиялык чекене сатуучулар менен иштөө тажрыйбасы тууралуу бөлүшүп, товарлардын сапатына жана жеткирилишине карата талаптарды түшүндүрүп, продукцияны электрондук маркировкалоону киргизүү жана экспорттук ишмердүүлүктүн башка маанилүү аспектилерин талкуулашты.

Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов Москванын "Фуд Сити" дүң жана чекене базарынын башкы директору Омар Абрамов менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сатуу үчүн базардын аймагында улуттук павильон түзүү маселеси талкууланды. Бул павильон кыргызстандык ишкерлерге россиялык рынокко чыгууну кеңейтүүгө, ошондой эле ата мекендик фермерлердин продукциясын россиялык керектөөчүлөрдүн арасында кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргызстандык ишкерлерге "Фуд Сити" аймагынан ижара акысы боюнча убактылуу жеңилдиктер менен соода жайларын берүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул ата мекендик айыл чарба продукциясынын Россия рыногуна чыгуусуна жагымдуу шарттарды түзүп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдейт.

Өз кезегинде КР Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери жаңы жашылча-жемиштерге, ошондой эле сүт, эт жана кайра иштетүү азыктарына дүң жана чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы Кыргызстандын продукциясынын Россия рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоого жана аларды жылдыруу боюнча мындан аркы кадамдарды түзүүгө жардам берет.

Министрлик мындан ары да ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштерди улантат.

Ошондой эле Самат Насирдинов россиялык кесиптеши Максим Титов менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн айыл чарба ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча Жол картасын түзүү жана кол коюу маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында Жол картасынын концептуалдык бөлүгүнө системалык чараларды киргизүү макулдашылды.

Россия тараптын демилгеси менен айыл чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин катышуусунда өкмөттөр аралык комитеттин кийинки отурумунда Жол картасына кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, РФ Федералдык мамлекеттик статистика кызматынын башчысынын орун басары А.В. Горобцов менен жолугушууда 2025-жылы Кыргызстанда айыл чарба каттоосун уюштуруу маселеси каралды.