Кыргызстандын Кытайга айыл чарба продукциясынын экспорту 1,5 эсеге өстү

Экономика 28 август 2026 11:40
IMG_5432.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн АКШ долларына жетип, 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн негизги максаты — айыл чарба продукциясын чийки зат катары гана экспорттобостон, кайра иштетүү аркылуу кошумча наркы жогору даяр продукциялардын үлүшүн көбөйтүү.

“2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн АКШ долларына жетип, 1,5 эсеге өстү. Биздин негизги милдет — кошумча наркы жогору продукциялардын экспорттогу үлүшүн көбөйтүү. Бул үчүн продукцияны терең кайра иштетүү, азык-түлүк өндүрүү жана логистиканы өнүктүрүү багытында биргелешкен ишканаларды түзүү зарыл”,- деди Акунбеков.

Белгиленгендей, бул багытта Кытай менен биргелешкен ишканаларды түзүү жана логистиканы өнүктүрүү маанилүү.

“Биздин максат — айыл чарба продукциясын чийки зат катары эле сатпай, аны кайра иштетип, даяр азык-түлүк чыгарууну көбөйтүү. Бул үчүн Кытай менен биргелешкен ишканаларды түзүп, логистиканы да өнүктүрөбүз”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол” аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө.

Ири иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда.

Форумдун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү жергиликтештирүү, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Форумдун жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюулушу күтүлүүдө.