Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6%га көп.
"Анын ичинен өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы 5,2 млрд долларды түзүп, 11,3%га көбөйдү. Бул мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук жөнөтүүлөр 8,2%га төмөндөсө, импорт 16,5%га өскөн", - деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында Россиянын үлүшү 61,5%ды, Казакстандын үлүшү 35,2%ды түздү.