Быйыл Кыргызстанда экспорт 19,3%, импорт 16%га өстү

Экономика
Быйыл Кыргызстанда экспорт 19,3%, импорт 16%га өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. 2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6%га көп.

"Соода жүгүртүүнүн өсүшү импорттун 16%га, экспорттун 19,3%га көбөйүшү менен камсыздалган. Жалпы соода жүгүртүүдө экспорттун үлүшү 19%ды, импорттуку 81%ды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү 5,2 млрд долларга жетип, 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 11,3%га өстү.

Мында ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 8,2%га азайса, импорт 16,5%га көбөйгөн. Биримдиктин ичиндеги негизги соода өнөктөштөрү — Россия (өз ара сооданын 61,5%) жана Казакстан (35,2%).

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүнүн 36,7%ын түзгөн. Анын ичинде экспорттун 32,9%ы, импорттун 37,6%ы ушул өлкөлөргө туура келген.

Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 8,9 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20%га өскөн. Алардын үлүшүнө өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 63,3%ы туура келген. Анын ичинде экспорттун 67,1%ы жана импорттун 62,4%ы үчүнчү өлкөлөргө туура келген.