Статистика комитети маалымат алмашууну автоматташтырууну көздөйт

Коом
Статистика комитети маалымат алмашууну автоматташтырууну көздөйт
copyright icon Улуттук статистика комитети

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинде БУУнун Статистика бөлүмүнүн эксперти Абдулла Гозаловдун техникалык-консультациялык миссиясы өттү.

Мекемеден билдиришкендей, анда статистикалык маалыматтарды алмашуунун эл аралык SDMX стандартын киргизүү жана маалыматтык процесстерди автоматташтыруу маселелери талкууланды.

Миссиянын алкагында эксперт комитеттин маалыматтык тутуму жана административдик маалыматтардын агымы менен таанышып, маалыматтарды бирдиктүү форматта түзүү жана мекемелер арасында автоматтык алмашууну уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карады.

Статистика комитети маалымат алмашууну автоматташтырууну көздөйт

Ошондой эле Финансы министрлигинин жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык маалымат алмашууну жакшыртуу боюнча жолугушуулар өттү.

Миссиянын жыйынтыгында эксперттин сунуштары каралып, мындан аркы кызматташтыктын багыттары макулдашылды.

SDMX стандарты маалыматтарды жана аларды мүнөздөгөн метамаалыматтарды бирдиктүү эрежелер менен алмашууга шарт түзөт. Аны колдонуу кол менен аткарылуучу иштерди азайтып, расмий статистиканы таратууну тездетүүгө мүмкүндүк берет.