Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 21 кесиптик театр, 32 кинотеатр жана 66 музей иш алып барат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы театрларда 1 миң 931 спектакль көрсөтүлгөн. Ал эми кинотеатрларда 247 миңден ашык сеанс уюштурулуп, аларга 4 миллиондон ашык көрүүчү барган.
Мындан тышкары, өлкөдө клуб тибиндеги 715 маданият мекемеси иштейт. Алардын 90 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жайгашкан.
Ошондой эле республикада концерттик 6 уюм, анын ичинде 3 филармония бар. Алар былтыр жалпысынан 197 концерт тартуулашкан.
Өлкө боюнча 66 музейде 211 миңге жакын экспонат сакталат. Ал эми жарандардын маданий эс алуусун 49 маданият жана эс алуу паркы камсыздайт.