Кыргызстанда мунай продукцияларын өндүрүү 1,9 эсеге өстү

Экономика 15 октябрь 2026 12:15
Кыргызстанда мунай продукцияларын өндүрүү 1,9 эсеге өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында тазаланган мунай продуктуларын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул мезгилде өлкөдө өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү 685,4 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 107%га жеткен.

Мындан тышкары, химиялык продукцияларды өндүрүү 2,3 эсеге, транспорт каражаттарын өндүрүү 39,4%га, курулуш материалдарын өндүрүү 29,1%га өскөн.