Өзбекстанда никеге тургандардын саны азайып баратат

Борбор Азия
Өзбекстанда никеге тургандардын саны азайып баратат
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Өзбекстан акыркы 35 жылда катталган никелердин саны боюнча маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык 2026-жылдын биринчи жарымында баш кошкон жуптардын саны 100 миңге да жеткен эмес.

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы өлкөдө 305 200 нике, 2022-жылы 296 700, 2023-жылы 283 800, 2024-жылы 271 800 жана 2025-жылы 267 100 нике катталган.

Ал эми 2026-жылдын алгачкы алты айында өлкөдө 92 300 нике жөрөлгөсү өткөн.

1991-жылдан 2025-жылга чейинки никелердин эң көп саны 2018-жылы катталган. Дээрлик 311 400 жуп. Бул мезгилдеги эң төмөнкү көрсөткүч 2000-жылы байкалган. Анда Өзбекстанда 168 900 гана жуп баш кошкон.

Буга чейин Үй-бүлө жана гендер боюнча изилдөө институту Өзбекстандагы никелердин азайышынын негизги факторлорун аныктоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Аларга демографиялык өзгөрүүлөр, аялдардын билим алууга жана карьера курууга болгон каалоосу, экономикалык кыйынчылыктар, ажырашуулардын көбөйүшү, эмгек миграциясы жана жаштардын жашоо образынын өзгөрүшү кирет.