Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда 770,9 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га өстү.
Өсүш негизинен химиялык продукцияны өндүрүүнүн 2,4 эсеге, тазаланган мунай продуктуларынын 1,8 эсеге, транспорт каражаттарынын 38,3%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын 36,5%га, курулуш материалдарынын 29,3%га көбөйүшү менен камсыздалды.
Мындан тышкары, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү 13,5%га, тамак-аш азыктарын жана тамеки буюмдарын өндүрүү 10,1%га, пайдалуу кендерди казуу 7,5%га өстү.
Ошондой эле 10 айда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге, айыл чарбасы 4,7%га, дүң жана чекене соода 4,3%га көбөйдү.