Кыргызстанда орточо айлык акы 55,5 миң сомдон ашты

Экономика
Кыргызстанда орточо айлык акы 55,5 миң сомдон ашты
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрда орточо номиналдык эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4% өскөн. Август айына салыштырганда көрсөткүч 446 сомго көбөйгөн.

Айлык акынын эң жогорку өсүшү искусство жана көңүл ачуу тармагында (1,6 эсеге), саламаттыкты сактоодо (51,1%) жана билим берүүдө (47,6%) катталган.

Ошондой эле январь-октябрь айларында расмий катталган жумушсуздардын саны 34,9 миң адамды түзүп, бир жылда 14,9% азайган.