Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун жаңы келечектүү багыттары белгиленди

Министрлер кабинети Загрузка... 29 Апрель 2025 14:16
25201_1745908466_lg.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугушту.

Алардын жолугушуусу Өзбекстанда өтүп жаткан INNOPROM. Central Asia эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуунун келечектүү багыттарын белгилешти.