Космоско жол ачкан улуттук спутник өлкөгө эмне берет?

Коом 2 октябрь 2026 18:00
Космоско жол ачкан улуттук спутник өлкөгө эмне берет?

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан эми жерин, суусун, эгин талааларын жана жаратылышын космостон өзү көзөмөлдөй алат. Өлкөнүн биринчи улуттук спутнигинин космоско учурулушу менен айыл чарбасындагы суунун чыгымын азайтуу, түшүмдү так баалоо, жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө жана табигый кырсыктарды алдын ала аныктоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Спутник АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылды. Учурууга президент Садыр Жапаров катышты.

Аны мындан ары Бишкектеги башкаруу борборунан көзөмөлдөөгө болот.

Долбоор президенттин тапшырмасы менен мындан 2,5 жыл мурун башталып, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасында ишке ашырылды.

Старт учурунда президент Садыр Жапаров спутниктин учурулушун Кыргызстан үчүн тарыхый окуя деп атады.

“Бүгүн биздин мамлекет үчүн, кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү, тарыхый күн. Анткени кыргыз мамлекетинин биринчи спутниги космоско учурулуп жатат. Эми Бишкекте отуруп, баарын өзүбүз 100 пайыз көзөмөлдөй алабыз”, — деди мамлекет башчысы.

Жапаровдун айтымында, улуттук спутниктин негизги артыкчылыктарынын бири — Кыргызстан космостук маалыматтарды өз алдынча алып, аларды өлкөнүн муктаждыктарына жараша пайдалана баштай турганында.

“Буга чейин маалыматтарды башка өлкөлөрдөн миллиарддаган акчага сатып алып келчүбүз. Мындан ары мындай көз карандылык болбойт”, — деди президент.

Айыл чарбада кандай пайдасы бар?

Улуттук спутниктен алынган маалыматтарды пайдалануунун негизги багыттарынын бири — айыл чарба.

Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгынын башчысы Эрбол Замирбековдун айтымында, спутниктик маалыматтар аркылуу сугат иштерин көзөмөлдөп, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн баалоого болот.

“Мисалы, быйыл Тоң районунда спутниктен алынган сүрөттөрдүн негизинде жүргүзүлгөн байкоодо жүгөрү эки гана жолу сугарылып, түшүмдүүлүк 30%га жогорулаганы аныкталды. Мындай маалыматтар суу ресурстарын туура пайдаланууга, эгин аянттарынын көлөмүн аныктоого жана жыл ичинде айыл чарбасын суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала баалоого жардам берет”, — деди Замирбеков.

Анын айтымында, спутниктен алынган маалыматтардын жардамы менен жыл башында эле кайсы аймакта суу жетиштүү болорун алдын ала баалап, айрым жерлерге кандай өсүмдүк өстүрүү ылайыктуу экенин аныктоого болот.

Ошондой эле суу тартыштыгына туруктуу өсүмдүктөрдү тандоо, эгин аянттарынын көлөмүн аныктоо жана өлкө боюнча түшүмдүн көлөмүн так баалоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

“Мурда жылдык түшүмдүн көлөмү болжол менен гана айтылса, спутниктик маалыматтарды колдонуу менен аны так көзөмөлдөп, өлкө боюнча түшүмдүн көлөмүн баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда да маанилүү”, — деп кошумчалады ал.

Маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана тактыгы

Замирбековдун айтымында, буга чейин Кыргызстан ар кандай платформалардан алынган акысыз спутниктик сүрөттөрдү да пайдаланып келген. Бирок алардын тактыгы чектелүү.

Улуттук спутник аркылуу алынган жогорку сапаттагы маалыматтарды өлкөнүн өз муктаждыктарына ылайык пайдаланууга шарт түзүлөт.

“Ал эми улуттук спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу өсүмдүктөрдүн абалын, атүгүл жалбырактардын курамына чейинки көрсөткүчтөрдү талдоого мүмкүнчүлүк бар”, — деди ал.

Айыл чарба министрлигинде спутниктен алынган маалыматтарды кабыл алуу жана иштетүү үчүн тиешелүү сервердик жабдуулар орнотулган.

Жерди жана жаратылышты көзөмөлдөө

Спутник айыл чарба менен гана чектелбейт. Андан алынган маалыматтар жердин абалын, суу ресурстарын, токойлорду жана башка жаратылыш объектилерин көзөмөлдөөгө колдонулат.

Мындан тышкары, спутниктик маалыматтар климаттын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүгө, кургакчылык, сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктардын коркунучун алдын ала баалоого жардам берет.

Эколог, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис Увасип Аманбаевдин айтымында, спутниктик технологиялар чоң аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдү аныктоодо пайдалуу.

“Спутниктин пайдасы абдан чоң. Анын жардамы менен экологиялык абалга мониторинг жүргүзүп, абанын абалын, аймактардагы көйгөйлөрдү жана жаралган экологиялык маселелерди аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди адис.

Кыргызстан үчүн жаңы технологиялык мүмкүнчүлүк

Улуттук спутниктин учурулушу менен аны пайдалануу жана алынган маалыматтарды иштетүү боюнча адистерге болгон муктаждык да өсөт.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору, техника илимдеринин кандидаты Акылбек Чымыровдун айтымында, спутниктик технологияларды өнүктүрүү мамлекеттик коопсуздук, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн маанилүү.

“Башка өлкөлөрдөн спутниктик маалыматтарды сатып алууга болот, бирок айрым учурларда, өзгөчө коопсуздукка байланыштуу маселелерде, мындай маалыматтар жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан өзүнүн спутнигине ээ болуу өлкө үчүн чоң мааниге ээ”, — деди ал.

Эксперттин пикиринде, эми спутникти башкарган, космостук маалыматтарды иштеткен жана аларды өлкөнүн керегине пайдаланган адистерди даярдоого көңүл буруу зарыл.

“Спутникти учургандан кийин бул тармакта адистерди даярдоо, аны башкаруу, алынган космостук маалыматтарды иштетүү жана аларды өлкөнүн керегине пайдалануу боюнча өзүнчө багыттарды өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыгат”, — деди Чымыров.

Анын маалыматына караганда, КМТУда бул багытта буга чейин эле иштер жүрүп келет. Университетте спутниктен алынган маалыматтарды иштетүү жана пайдалануу боюнча тиешелүү адистиктерде студенттер жана магистранттар билим алышууда. Мындан тышкары, университетте аэрокосмостук борбор түзүлүп, акыркы 2-3 жылдан бери бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигинин учурулушу менен өлкө космостук технологияларды өзүнүн практикалык муктаждыктарына пайдалануу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк алды. Эми негизги милдет — спутниктен алынган маалыматтарды айыл чарба, суу ресурстары, жаратылышты коргоо жана башка тармактарда натыйжалуу колдонуу.