Экономист: Кыргызстандын спутниги чет өлкөдөн маалымат сатып алуу муктаждыгын азайтат

Коом 2 октябрь 2026 15:40
Экономист: Кыргызстандын спутниги чет өлкөдөн маалымат сатып алуу муктаждыгын азайтат
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын өз спутниги айрым маалыматтарды чет өлкөлүк булактардан сатып алууга болгон муктаждыкты азайтат. Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздүн алгачкы спутнигин космоско учурушу илимий жана технологиялык жактан маанилүү кадам болуп саналат.

"Эгер спутник сапаттуу маалымат берип, ал маалыматтар иш жүзүндө колдонулса, дыйкандарга эгиндин абалын көзөмөлдөөгө, кургакчылыкты эрте байкоого, мамлекетке жайыттарды, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын так баалоого жардам берет. Өз спутнигибиздин болушу айрым маалыматтарды чет өлкөлүк булактардан сатып алууга болгон муктаждыкты азайтып, жергиликтүү инженерлердин тажрыйбасын өстүрүп, жаштардын илимге кызыгуусун күчөтүшү мүмкүн", - деди ал.

Мындан улам Искендер Шаршеев спутниктин космоско учурулганы андан алынган маалыматтардын өлкөдөгү маселелерди чечүүгө жардам бергенинде мааниси чоң экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 1-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы SpaceX компаниясына тиешелүү космодромдон Кыргызстандын алгачкы спутниги космоско учурулган. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, бул кыргызстандыктар үчүн тарыхый күн экенин белгилеген.