Түштүк Корея 276 млн долларлык супер компьютерди ишке киргизди

Дүйнө
Түштүк Корея 276 млн долларлык супер компьютерди ишке киргизди
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Түштүк Корея Hangang аталышындагы жаңы улуттук супер компьютерди дүйнө элинин назарына койду. Анын эсептөө кубаттуулугу жасалма интеллектти өнүктүрүү жана илимий изилдөөлөр үчүн колдонулмакчы, деп билдирет жергиликтүү The Korea Times гезити.

Бет ачар 2-ноябрда Тэджон шаарында Кореянын Илим жана технология маалымат институтунда өттү. Иш-чарага илимий коомчулуктун, өкмөттүк изилдөө борборлорунун жана технологиялык компаниялардын 200 өкүлү катышты.

Алтынчы муундагы эсептөө системасын иштеп чыгууга 382,5 миллиард вон же болжол менен 276 миллион доллар бөлүнгөн. Ал 2018-жылы ишке киргизилген Nurion супер компьютерин алмаштырат. Nurion сегиз жыл ичинде 1730 изилдөө долбоорунда колдонулган. Анын жыйынтыктарынын негизинде изилдөөчүлөр 1520 басылманы даярдашкан. Алдыңкы эл аралык илимий журналдарда 70 макала жарыяланган.

Ал эми жаңы Hangang компьютеринин кеңейтилген маалыматтарды иштетүү жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрү жогору. Жаңы система техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча мурункусунан бир топ ашып түшөт. Анын теориялык эсептөө кубаттуулугу 24 эсеге, сактоо кубаттуулугу он эсеге, ал эми тармактын иштөө жөндөмдүүлүгү төрт эсеге өстү. Хангандын сыноо эксплуатациясы октябрь айынын аягында башталган. Анын эсептөө кубаттуулугуна толук мүмкүнчүлүк 16-декабрга пландаштырылган.

Системанын дүйнөлүк TOP-500 рейтингинин алдыңкы ондугуна кирери же ага жакын болору күтүлүүдө.