Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Жасалма интеллект адамдардын күнүмдүк иштерин жеңилдеткени менен, аны ашыкча колдонуу сынчыл ой жүгүртүүнүн начарлашына жана адамдардын ортосундагы байланыштын азайышына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу австралиялык белгилүү нейробиолог Дэвид Рок БУУнун жаңылыктар кызматына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллект мурда көп убакытты жана акыл-эс күчүн талап кылган иштерди аткарып жатат. Бирок адамдар талдоо, баалоо жана чечим кабыл алуу сыяктуу милдеттерди да технологияга өткөрүп бере баштаса, өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн жоготуу коркунучу бар.
Роктун белгилешинче, кызматкерлердин 5-10 пайызы гана жасалма интеллектти күнүмдүк иштерди жеңилдетип, татаал маселелерге көбүрөөк көңүл буруу үчүн туура колдонушат. Ал мээ энергияны үнөмдөөгө умтуларын айтып, адамдарды өз алдынча ой жүгүртүүнү токтотпоого чакырды.
Нейробиолог жасалма интеллект адамдардын ортосундагы мамилеге да таасир этип жатканын белгиледи. Айрым адамдар маалымат алуу менен гана чектелбестен, чат-боттордон баарлашууну, кеңешти, ал тургай эмоционалдык жакындыкты издей башташты.
Адис келтирген изилдөөлөргө ылайык, виртуалдык маектештер менен көп убакыт өткөрүү жалгыздык сезимин күчөтүп, чыныгы социалдык байланыштардан алыстатышы мүмкүн.
Анын пикиринде, жасалма интеллект адамдын ордуна чечим кабыл албастан, анын ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жардам бериши керек. Технология ар кандай көз караштарды салыштырууга, божомолдорду текшерүүгө жана башка мүмкүнчүлүктөрдү кароого көмөктөшө алат. Бирок акыркы чечимди адам өзү кабыл алышы зарыл.