Жасалма интеллектти колдонууда адамдын көзөмөлү зарыл – Пирет Хирв

Санарип Кыргызстан
Жасалма интеллектти колдонууда адамдын көзөмөлү зарыл – Пирет Хирв
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жасалма интеллектти өнүктүрүүдө мыйзамдык жөнгө салуу менен катар аны коопсуз колдонууга шарт түзүү зарыл. Бул тууралуу Эстониянын Электрондук башкаруу академиясынын (eGA) Жасалма интеллект жана маалыматтарды башкаруу боюнча компетенциялар борборунун жетекчиси Пирет Хирв “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн жеке маалыматтарды коргоо, маалымат алмашуунун коопсуздугун камсыз кылуу жана санариптик системалардын иштешин ачык көрсөтүү маанилүү. Бул жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин сактоого жардам берет.

“Жасалма интеллект көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок аны колдонууда мыйзамдардын болушу, маалыматтарды туура башкаруу, коопсуз маалымат алмашуу жана жеке маалыматтардын кандай пайдаланылып жатканынын ачыктыгы өзгөчө маанилүү. Анткени кеп санариптик кызматтар жөнүндө гана эмес, жарандардын мамлекетке болгон ишеними жөнүндө да болуп жатат”, — деди ал.

Пирет Хирвдин айтымында, Эстонияда санариптик өкмөттү түзүү иштери 1990-жылдары башталган. Ошондон бери өлкөдө санариптик кызматтар өнүгүп, бүгүнкү күндө алардын айрымдарында жасалма интеллект колдонулат. Ошол эле учурда чечим кабыл алуу процессинде адамдын көзөмөлү сакталат.

“Жоопкерчилик машинага же алгоритмге эмес, адамга жүктөлөт. Анткени кабыл алынган чечимдер адамдардын жашоосуна таасир этет. Ошондуктан процессте адамдын катышуусу сөзсүз болушу керек”, — деп белгиледи жетекчи.

Ал санариптик кызматтарды коопсуз пайдалануу жоопкерчилигин жарандарга гана жүктөөгө болбой турганын белгиледи. Мамлекеттик органдар жеке маалыматтарды коргогон коопсуз системаларды түзүп, жарандардын санариптик кызматтарга болгон ишенимин арттырууга тийиш.

Мындан тышкары, Пирет Хирв жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктердин ролуна токтолду. Анын белгилешинче, мындай мекемелер мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, жарандардын укуктарын коргоо менен бирге уюмдарга маалыматтарды коопсуз иштетүү боюнча да көмөк көрсөтөт.

Эксперт Кыргызстан менен Эстониянын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы кызматташтыгын улантуу маанилүү экенин айтып, эки өлкө тажрыйба алмашуу аркылуу бири-бирине пайдалуу боло аларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда аталган агенттиктин беш жылдыгына арналган эл аралык форум өтүп жатат. Ага жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана расмий делегациялары, IT тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.