Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук агрардык университетинин "CowID" стартап-долбоору "InnovTech Startup Challenge 2026" республикалык студенттик стартап-долбоорлор конкурсунда биринчи орунду ээледи.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор бодо малды жасалма интеллект жана Face ID технологиялары аркылуу тумшугунун өзгөчөлүктөрү боюнча таанып, куут маалынын белгилерин аныктоого багытталган.
Система фермерлерге малды уруктандыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоого жана чарбаны натыйжалуу башкарууга жардам берет.
Долбоорду университеттин студенттери Диана Талгартбек кызы, Курманбек Тургунбеков жана Жамал Нурбекова ишке ашырышкан. Илимий жетекчиси — инженердик-техникалык факультеттин ага окутуучусу Бермет Жаныбекова.
Экинчи орунду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Safe2AI" долбоору, үчүнчү орунду И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кездеме калдыктарын композициялык материалдарда колдонууга арналган долбоору ээледи.
Жеңүүчүлөр 10-ноябрда Бишкекте өткөн "Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү" форумунун алкагында сыйланышты.