Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган төрт заманбап УЗИ аппараты орнотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү аппараттар дарыгерлерге шишиктерди жана ар кандай органдардагы патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоого жардам берет. Жасалма интеллект УЗИ сүрөттөрүн талдап, шектүү өзгөрүүлөрдү аныктоодо кошумча курал катары колдонулат. Бирок диагнозду дарыгер коёт.
Мындан тышкары, жаңы аппараттар аркылуу борбордо алгачкы жолу жүрөктү УЗИден текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул химиотерапиядан өтүп жаткан бейтаптардын жүрөк-кан тамыр системасынын абалын көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Төрт аппаратты сатып алууга президенттин администрациясы каражат бөлгөн. Бир аппараттын баасы 8 млн 400 миң сомду түзөт.