Жасалма интеллекттин таасири: Google кызматкерлерин кыскартууда

Дүйнө
Жасалма интеллекттин таасири: Google кызматкерлерин кыскартууда
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Америкалык Google транс улуттук корпорациясы дээрлик беш өлкөдөгү кызматкерлерине өз ыктыяры менен жумуштан кетүүнү сунуштады. Бул туурасында Reuters агенттиги билдирүүдө.

Америкалык Google компаниясы чыгымдарды кыскартуу планынын алкагында Германия, Канада, Франция, Швейцария жана Япониядагы кызматкерлерине компенсация төлөө менен ыктыярдуу түрдө жумуштан бошотуу программасын кеңейтти.

Кызматкерлердин кыскартылышы жасалма интеллектке салынган ири масштабдуу инвестициялардын эсебинен чыгымдарды оптималдаштыруу иштерине байланыштуу.

2025-жылы бул чаралар айрым топтор менен гана чектелген эле. Программа 2026-жылдын жайында бир нече өлкөлөргө кеңейтилди. Мурдагы ыктыярдуу түрдө жумуштан бошотуу сунуштарына Google Cloud жана DeepMind компаниясынын негизги бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кирген эмес. Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, бул жолу да ушундай эле келишим колдонулат деп күтүлүүдө.