Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган төрт заманбап ультра үндүү аппарат орнотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү аппараттарды сатып алууга каражат президенттин администрациясы тарабынан бөлүнгөн. Бир аппараттын баасы 8 млн 400 миң сомду түзөт.
Жаңы жабдуулар дарыгерлерге ар кандай органдардагы патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоого, шишиктерди изилдөөгө жана диагностиканын тактыгын жогорулатууга жардам берет. Жасалма интеллект шектүү өзгөрүүлөрдү талдоодо дарыгерлерге кошумча жардамчы курал катары колдонулат.
Мындан тышкары, аппараттар аркылуу борбордо алгачкы жолу жүрөктү ультрадобуш менен текшерүү – эхокардиография жүргүзүлөт. Бул химиотерапиядан өтүп жаткан бейтаптардын жүрөк-кан тамыр системасынын абалын көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Төрт аппараттын экөө бипландык датчиктер менен жабдылган. Алар органдарды бир эле учурда эки тегиздикте изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул технологияны простата безин жана жамбаш көңдөйүндөгү органдарды текшерүүдө колдонуу пландалууда.
Жаңы жабдуулар борбордун диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бейтаптарды текшерүүдөн өткөрүү шарттарын жакшыртат.