Онкологиялык бейтаптарды толук дарылоого 6 млрд сом керек

Ден соолук
Онкологиялык бейтаптарды толук дарылоого 6 млрд сом керек
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Онкологиялык бейтаптарды толук көлөмдө таргеттик терапия жана иммунотерапия менен камсыздоо үчүн кеминде 6 млрд сом талап кылынат. Ал эми 2026-жылы дары-дармек менен дарылоого 640 млн сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бахадыр Бебезов "Кабар" агенттигине билдирди.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова онкологиялык бейтаптарды акысыз дарылоо убадасы аткарылбай, дарылоо акы төлөнүүчү болуп калганын билдирген. Анын айтымында, борбордун бейтаптары кайрылып, дарылоонун бир курсунун баасы 25 миң сомду түзөрүн айтышкан. Мындан тышкары, депутат химиотерапия үчүн дары-дармектер жок экенин билдирген.

Буга жооп катары Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бахадыр Бебезов мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, бейтаптар кошумча төлөмдү гана төлөй турганын маалымдады. Анын айтымында, химиотерапия жана паллиативдик жардам акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле учурда борбордо химиотерапиялык дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.