Бебезов: Ядролук медицина борборун түзүү пландалууда

Ден соолук
Бебезов: Ядролук медицина борборун түзүү пландалууда
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунда Ядролук медицина борборун куруу долбоору каралып жатат. Бул тууралуу борбордун директору Бахадыр Бебезов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ядролук медицина дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө активдүү өнүгүп жаткан багыттардын бири. Аны Кыргызстанда өнүктүрүү онкологиялык жардамдын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Анын айтымында, учурда "Росатом" менен биргеликте ядролук медицинаны өнүктүрүү боюнча долбоор бар.

"Азыр анын ишке ашырылышын күтүп жатабыз жана курулуш иштери жакын арада башталат деп үмүттөнөбүз. Бул онкологиялык кызматты өнүктүрүү үчүн келечектүү багыт", — деди Бахадыр Бебезов.