Жаңы технологиялар жана жабдуулар: Онкологиялык жардам кантип өнүгүүдө?

Ден соолук
Жаңы технологиялар жана жабдуулар: Онкологиялык жардам кантип өнүгүүдө?
copyright icon WWW
Кабар редакциясы

Онкологиялык жардамдын өнүгүшү заманбап медициналык технологияларды киргизүү менен тыгыз байланышта. Жаңы жабдуулар ооруларды аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аларды ар кандай баскычтарда табууга жана дарылоонун кошумча ыкмаларын колдонууга шарт түзөт. Кыргызстанда бул багыт кандай өнүгүп жатканы жана Улуттук онкология жана гематология борборуна кандай технологиялар киргизилип жатканы тууралуу айтып беребиз.

Жабдууларды жаңылоо жана жаңы технологияларды киргизүү

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевдин "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, каржылоонун жетишсиздигинен улам 2025-жылга чейин онкология тармагына жаңы технологияларды киргизүүдө кыйынчылыктар жаралып келген. Анын айтымында, бул көйгөй онкологияга гана эмес, жалпы саламаттык сактоо системасына да тиешелүү болгон.

Жабдууларды жаңылоонун негизги багыттарынын бири – ядролук медицинаны өнүктүрүү. 2025-жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда ушул багыттагы бөлүм ачылып, ал жерге бир фотондуу эмиссиялык компьютердик томограф орнотулган. Бул жабдуу алгачкы шишиктерди жана метастаздарды аныктоого арналган. Нурбек Букуев белгилегендей, бул Кыргызстанда орнотулуп, пайдаланууга берилген мындай үлгүдөгү алгачкы аппарат болуп саналат.

Жаңы технологиялар жана жабдуулар: Онкологиялык жардам кантип өнүгүүдө?

Мындан тышкары, жакынкы убакта жаңы функциялары бар маммографтар ишке киргизилет. Учурда жабдуулар орнотулуп, адистер окуудан өтүп жатышат. Окутуу аяктагандан кийин аппараттар пайдаланууга берилет.

Ошондой эле рентгендик жабдууларды жана операциялык бөлмөлөрдө колдонулуучу аппараттарды, анын ичинде эндоскопиялык жана лапароскопиялык жабдууларды этап-этабы менен алмаштыруу каралган.

"Ошентип, материалдык-техникалык базаны дээрлик толугу менен жаңылоону пландап жатабыз", – деди министрдин орун басары.

Ал жакында мээнин жана жүлүндүн шишиктерин дарылоого арналган «Гамма-бычак» аппараты да сатып алынганын кошумчалады.

Иммуногистохимиялык изилдөөлөр жана адистерди даярдоо

Нурбек Букуевдин айтымында, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында иммуногистохимиялык изилдөөлөр лабораториясы иштейт. Азырынча бул лаборатория эмчек рагы боюнча гана изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Анын айтымында, келечекте лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анын ичинде колдонулуучу реагенттердин түрлөрүн көбөйтүү пландалууда. Бирок бул багытты өнүктүрүү үчүн тиешелүү адистердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүү зарыл.

"Бизде патоморфологиялык изилдөөлөр бөлүмүндө иштей ала турган адистер өтө эле аз. Бул колдо бар мүмкүнчүлүктөр менен иш жүзүндөгү муктаждыктардын ортосунда чоң айырмачылыкты жаратууда.
Учурда жаңы кадрларды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, кытайлык кесиптештер менен келишим түзүү пландалууда. Алар келишимдик негизде Кыргызстанга келип, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында иштешет. Алардын арасында иммуногистохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзө алган патоморфологдор да болот", - деп түшүндүрдү ал.

Лапароскопиялык операциялар жана хирургиялык жабдууларды жаңылоо

Улуттук онкология жана гематология борборун техникалык жактан мындан ары жабдуу пландары тууралуу мекеменин директору Бахадыр Бебезов айтып берди.

Анын маалыматына караганда, мамлекет борборго 336 млн сомдон ашык каражат бөлгөн. Бул каражатка жасалма интеллект менен жабдылган эксперттик класстагы төрт УЗИ аппараты сатып алынган. Ошондой эле лапароскопиялык жабдууларды, наркоздук-дем алуу аппараттарын жана рентгендик жабдууларды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Директор белгилегендей, учурда ичеги-карын жана жамбаш органдарынын ооруларына байланыштуу көптөгөн операциялар лапароскопиялык ыкма менен жасалат. Мындай операциялар Кыргызстанда мурда деле жүргүзүлүп келген. Бирок борбордун максаты – бул ыкманы кеңири жайылтып, операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүү.

"Бизде лапароскопиялык жабдуулар бар. Азыр бул багыттагы эң мыкты жабдуулардын бири деп эсептелген Karl Storz компаниясынын аппараттарын орнотуу пландалууда", – деди Бахадыр Бебезов.

Нур терапиясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Улуттук онкология жана гематология борборунун дагы бир муктаждыгы нур терапиясы үчүн колдонулуучу жабдууларга, тактап айтканда, сызыктуу ылдамдаткычтарга байланыштуу.

Директор түшүндүргөндөй, онкологиялык ооруларды дарылоо хирургиялык операцияны, химиотерапияны жана нур терапиясын камтыйт. Айрым учурларда бул ыкмалар комплекстүү түрдө колдонулат.

Жаңы технологиялар жана жабдуулар: Онкологиялык жардам кантип өнүгүүдө?

Бебезовдун айтымында, эл аралык стандарттарга ылайык, 300-350 миң адамга бир сызыктуу ылдамдаткыч туура келиши керек. Кыргызстандын калкынын санын эске алганда, өлкөгө болжол менен 20 ушундай аппарат зарыл.

Учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда эки сызыктуу ылдамдаткыч орнотулган. Бирок алардын саны жетишсиз болгондуктан, бейтаптар дарылануу үчүн кезегин көпкө күтүүгө аргасыз болушууда.

Мындан тышкары, нур терапиясын алуу үчүн Бишкекке Ош, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынан да бейтаптар келишет.

"Ошондуктан нур терапиясына арналган аппараттар Бишкекте гана эмес, Ош шаарында да болушун жана алардын жалпы санын көбөйтүүнү пландап жатабыз", – деди директор.

Учурда долбоор иштелип чыгып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бебезовдун айтымында, борбордо жакынкы келечекте нур терапиясын жүргүзүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алуу пландары бар.

ПЭТ-КТ аппаратын орнотуу долбоору

Директор борбордо позитрондук-эмиссиялык томографты (ПЭТ-КТ) орнотуу боюнча да долбоор бар экенин билдирди. Бул жабдуу шишикти аныктоого, ошондой эле метастаздардын бар же жок экенин тактоо үчүн зарыл. Аталган ыкма ультра-үндүү изилдөө (УЗИ) жана компьютердик томография аркылуу байкалбай калышы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү табууга мүмкүндүк берет.

"Бул – маалыматтуулугу жана өзгөчөлүгү жогору, тактыгы абдан жакшы изилдөө ыкмасы", – деп баса белгиледи ал.

Директордун айтымында, ПЭТ-КТ аппаратын Улуттук онкология жана гематология борборунун өзүнө орнотуу пландалууда. Аны ишке ашыруунун мөөнөтү учурда иштелип жаткан долбоорго жараша болот.

Ошондой эле ПЭТ-КТ аппаратын иштетүү үчүн атайын радиофармацевтикалык препараттар керек. Алар бейтапка берилгенден кийин томограф аркылуу организмдин кайсы бөлүктөрүндө препарат топтолгону аныкталат.

Бахадыр Бебезов түшүндүргөндөй, негизги радиофармацевтикалык препараттын жарым ажыроо мезгили болжол менен 120 мүнөттү түзөт. Ошондуктан аны чет өлкөдөн ташып келүү кыйынчылык жаратат. Препаратты өндүрүүнү медициналык мекеменин жанында уюштуруу зарыл.

"Ушуга байланыштуу ПЭТ-КТ толук кандуу иштеши үчүн препараттарды өндүрүүчү циклотрон – атайын жабдуу куруу талап кылынат", – деп белгиледи ал.

Ядролук медицинаны өнүктүрүү

Ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борборунда Ядролук медицина борборун куруу долбоору каралууда. Бахадыр Бебезовдун айтымында, бул багыт көптөгөн өлкөлөрдө активдүү өнүгүп жатат жана Кыргызстанда онкологиялык жардамды мындан ары өркүндөтүү үчүн зарыл.

Тактап айтканда, борбордо "Росатом" менен биргеликте ядролук медицинаны өнүктүрүү долбоору бар.

"Азыр анын ишке ашырылышын күтүп жатабыз жана курулуш жакынкы убакта башталат деп үмүттөнөбүз. Бул онкологиялык кызматты өнүктүрүү үчүн келечектүү багыт", – деп сөзүн жыйынтыктады директор.

Ошентип, Кыргызстанда онкологиялык жардамды өнүктүрүү бир нече өз ара байланышкан багытты камтыйт. Алар – диагностикалык жана хирургиялык жабдууларды жаңылоо, лабораториялык изилдөөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана ядролук медицинаны өнүктүрүү. Ошол эле учурда техникалык жабдуулар менен камсыздоодон тышкары, жаңы технологияларды толук кандуу пайдалана ала турган адистерди даярдоо да маанилүү милдет бойдон калууда.