Онкологиялык ооруларды дарылоодо диагнозду так коюу чоң мааниге ээ. Дарыгерлердин текшерүү мүмкүнчүлүктөрү канчалык кеңири болсо, бейтаптын абалын ошончолук толук жана так баалап, дарылоо учурундагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөй алышат. Кыргызстанда бул мүмкүнчүлүктөр кеңейип, Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган премиум класстагы Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү төрт УЗИ аппараты орнотулду. Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги жаңы аппараттар дарыгерлерге жана бейтаптарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтып берет.
Диагностика үчүн жаңы жабдуулар
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы жабдуулар ар кандай органдарды жана дене бөлүктөрүн текшерүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондой эле онкологиялык бейтаптардын жүрөгүнүн абалын текшерүү үчүн эхокардиография ыкмасын киргизүүгө жана текшерүү учурунда бипландык технологияны колдонууга шарт түзөт.
Бипландык технология — бул ультраүндүк же рентгендик диагностикада колдонулган ыкма. Анын жардамы менен аппарат текшерилип жаткан органды же кан тамырды бир эле учурда эки башка тегиздикте көрсөтөт.
Төрт заманбап УЗИ аппаратын сатып алууга керектүү каражатты президентинин администрациясы бөлүп берген. Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү бир аппараттын баасы 8 млн 400 миң сомду түзөт.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы аппараттар орнотулганга чейин борбордо төрт УЗИ аппараты иштеп келген. Бейтаптардын саны көп болгондуктан, бул диагностикалык бөлүмгө кошумча күч келтирип, текшерүүдөн өтүү үчүн кезек күтүү убактысын узартчу.
Дагы төрт заманбап аппараттын келиши борбордун диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, УЗИ изилдөөсүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана онкологиялык бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртат.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев бул аппараттардын өзгөчөлүктөрү тууралуу "Кабар" агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, 2024-жылдын аягынан тартып 2025–2026-жылдары инвестиция тартуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөн. Өкмөттүн жана президенттин түздөн-түз колдоосу менен медициналык мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңылоого, анын ичинде жаңы УЗИ аппараттарын сатып алууга каражат бөлүнгөн.
"Бул аппараттардын өзгөчөлүгү — жасалма интеллект менен жабдылгандыгында. Ал дарыгерлерге шишиктерди жана башка ооруларды алгачкы баскычында аныктоого жардам берет. Мындан тышкары, аппараттар кардиологиялык пакет менен жабдылгандыктан, алардын жардамы менен жүрөктүн эхокардиографиялык изилдөөсүн да жүргүзүүгө болот", — деп түшүндүрдү ал.
Жасалма интеллект дарыгерлерге кантип жардам берет?
Жаңы аппараттардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — жасалма интеллект технологияларынын киргизилиши. Министрликтин маалыматына ылайык, ал дарыгердин акылдуу жардамчысы катары иштеп, УЗИ сүрөттөрүн талдоого, шектүү өзгөрүүлөрдү аныктоого жана ар кандай органдар менен ткандардын абалын баалоого мүмкүндүк берет.
"Бул технологияларды калкан безин, сүт бездерин, боорду, бөйрөктү, уйку безин, көк боорду жана башка органдарды текшерүүдө колдонууга болот. Бул адистердин диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, организмдеги өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоого кошумча шарт түзөт", — деп белгилешти министрликтен.
Ошол эле учурда изилдөөнүн акыркы жыйынтыгы, диагноз коюу жана дарылоо боюнча чечим кабыл алуу дарыгердин гана милдети бойдон кала турганы такталды.
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бахадыр Бебезов "Кабар" агенттигине билдиргендей, дарыгерлер жасалма интеллектке толугу менен таянбайт.
Ал белгилегендей, бул система адистердин ишине көмөк көрсөткөн кошумча курал катары колдонулат.

"Биздин адистер жасалма интеллектке толугу менен таянбайт. Бирок ал дарыгерлерге жардам берип, оорунун кандай болушу мүмкүн экенин көрсөтүп, диагнозду так коюуга көмөкчү болот", — деди ал.
Дарылоо учурунда жүрөктүн абалын да текшерүүгө болот
Дагы бир маанилүү жаңылык — жаңы аппараттардын жардамы менен жүрөктү эхокардиографиялык текшерүүдөн өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Буга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда мындай изилдөө жүргүзүлчү эмес.

Жаңы аппараттар жүрөк-кан тамыр системасынын абалын баалоого арналган атайын кардиологиялык датчиктер жана программалык камсыздоо менен жабдылган.
"Бул өзгөчө химиотерапия алып жаткан онкологиялык бейтаптар үчүн маанилүү. Анткени шишикке каршы колдонулган айрым дарылар жүрөк булчуңуна жана жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эми адистер бейтаптын жүрөгүнүн абалын дарылоону баштаганга чейин, химиотерапия учурунда жана операциядан кийинки мезгилде текшере алышат. Бул мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктап, бейтаптын абалын көзөмөлдөөгө шарт түзөт", — деп белгилешти министрликтен.
Бипландык технология жана башка изилдөөлөр
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы аппараттардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — бипландык ультраүндүк диагностика технологиясынын киргизилиши. Орнотулган төрт аппараттын экөө атайын бипландык датчиктер менен жабдылган. Алар текшерилип жаткан органдын же ткандын бир эле бөлүгүн эки башка тегиздикте, башкача айтканда, эки ракурстан бир убакта көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Бул технологияны Кыргызстанда онкологиялык ооруларды аныктоо практикасында биринчи жолу простата безин жана жамбаш көңдөйүндөгү органдарды текшерүүдө колдонуу пландалууда. Ал простата безиндеги өзгөрүүлөрдү аныктоодо, ооруларга диагноз коюуда жана биопсияны так жүргүзүүдө маанилүү", — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү жаңы аппараттар контрасттык УЗИ изилдөөсүн жүргүзүүгө, эластография ыкмасы менен ички ткандардын ийкемдүүлүгүн жана катуулугун аныктоого, шишиктердин кан менен камсыз болушун баалоого жана кан тамырлардын абалын текшерүүгө шарт түзөт.
Текшерүүдөн өтүү канча турат?
Бахадыр Бебезовдун айтымында, жаңы аппараттар менен мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жүргүзүлгөн бардык текшерүүлөр бейтаптар үчүн акысыз болот.
Анын белгилөөсү боюнча, буга чейин борбордо төрт УЗИ аппараты иштеп келген. Бирок алар мындан 5–6 жыл мурда сатылып алынгандыктан, жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган эмес жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү азыркы аппараттарга салыштырмалуу чектелүү.
Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевдин айтымында, жаңы аппараттар ишке даяр жана адистер аларды колдонуп баштаса болот.

Ошентип, диагностикалык жабдуулардын жаңыланышы Улуттук онкология жана гематология борборунда текшерүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүп, дарыгерлердин ишине жаңы технологияларды киргизүүгө шарт түзөт. Бейтаптар эми кошумча текшерүүлөрдөн түз эле борбордон өтүп, анын ичинде шишикке каршы дарылануу учурунда жүрөгүнүн абалын да текшерте алышат. Ал эми жасалма интеллект дарыгерлерге жардамчы курал катары колдонулуп, диагноз коюу жана дарылоо боюнча акыркы чечимди медициналык адистер кабыл алышат.