Евробиримдик окуучулардын жасалма интеллект боюнча сабаттуулугун текшерет

Дүйнө
Евробиримдик окуучулардын жасалма интеллект боюнча сабаттуулугун текшерет
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Европа биримдиги 15 жаштагы мектеп окуучулары үчүн жасалма интеллект боюнча сабаттуулук сертификатын иштеп чыгууну баштады. Бул демилге окуучуларга жасалма интеллекттин тез өнүгүшүнө ыңгайлашууга жардам берүүнү максат кылат, деп билдирет Euronews агенттиги.

"Бул жаш окуучуларга жасалма интеллекттин кандайча иштей турганын түшүнүүгө, ал берген маалыматты текшерүүгө, манипуляцияны таанууга жана аны качан өчүрүү керектигин билүүгө жардам берет", - деди Европа комиссиясынын вице-президенти Роксана Минкату.

Брюссель сертификатты 15 жаштагы окуучулар үчүн 2027-2028-окуу жылында ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул долбоор дүйнө жүзү боюнча мугалимдер жана окуучулар мектептерде жасалма интеллекттин кесепеттери менен күрөшүп жаткан учурда ишке ашырылууда.

Окуучулардын билим деңгээлин баалоо боюнча PISA эл аралык программасынын акыркы статистикасында Европа биримдигиндеги 15 жаштагы балдардын үчтөн бири окуу жана математика боюнча начар көрсөткүчтөргө ээ экени көрсөтүлгөн. Брюссель мугалимдерге жана окуучуларга натыйжалуу окууга жардам берүү үчүн жасалма интеллектти колдонууну көздөйт.

Европа Биримдиги мүчө мамлекеттердин билим берүү саясатын көзөмөлдөбөсө да, балдардын билимине жасалма интеллектти кантип коопсуз интеграциялоону изилдөө аракеттерин колдоп келет.

Ошол эле учурда Брюссель жаш өспүрүмдөрдүн социалдык медиага кирүүсүн чектөөгө багытталган мыйзамды жайылтууда. Европа комиссиясынын вице-президенти Роксана Минкату бул эки демилге бири-бирине карама-каршы келбей турганын баса белгиледи.

"Жасалма интеллект репетиторлук жана жекелештирилген окутуу сыяктуу айрым билим берүү процесстерин бир топ жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ", - деди ал.