Жеке маалыматтарды коргоо: беш жылдагы жыйынтык

Санарип Кыргызстан
Жеке маалыматтарды коргоо: беш жылдагы жыйынтык
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматтарын коргоо системасын өнүктүрүү, санариптик кызматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана маалыматтардын мыйзамдуу колдонулушуна көзөмөл жүргүзүү багытында иштер уланууда. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик беш жыл ичинде укуктук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик органдарды текшерүү, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана электрондук сервистерди иштеп чыгуу боюнча иш алып барды.

Агенттиктин беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы бүгүн Бишкекте өткөн жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык “Data Protection Forum 2026” форумунда талкууланды. Иш-чарада мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандардын жеке маалыматтарды коргоодогу жоопкерчилиги, санариптик технологиялардын өнүгүшү менен пайда болгон тобокелдиктер жана бул багыттагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери көтөрүлдү.

Агенттиктин директору Кутман Мамыров белгилегендей, жеке маалыматтарды коргоо санариптештирүү шартында жарандардын мамлекеттик кызматтарга жана санариптик чөйрөгө болгон ишенимин камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Анын айтымында, бул багыт мыйзам талаптарын сактоо менен гана чектелбестен, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн, саламаттык сактоо кызматтарын өнүктүрүүнүн жана жарандардын укуктарын камсыз кылуунун маанилүү бөлүгүнө айланды.

“Бүгүнкү күндө санариптик технологиялар жашообуздун бардык тармактарына терең кирүүдө. Жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, маалымат алмашууну кеңейтүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда бул өзгөрүүлөр маалыматтык коопсуздукка, жеке маалыматтарды коргоого жана жарандардын укуктарын сактоого өзгөчө көңүл бурууну талап кылат”, — деди ал.

Директордун айтымында, агенттиктин негизги максаты — жеке маалыматтарды коргоо маданиятын калыптандыруу, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, уюмдарга мыйзам талаптарын аткарууда көмөк көрсөтүү жана санариптик технологияларды жоопкерчилик менен пайдаланууга шарт түзүү.

Ошондой эле ал Санариптик кодекстин кабыл алынышы санариптик мамилелерди жөнгө салууда жана жеке маалыматтарды коргоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Жарандар маалыматтарынын колдонулушун көзөмөлдөй алышат

Жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы жаңы демилгелердин бири — “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги “Суроо-талаптардын тарыхы” сервиси. Ал жарандарга жеке маалыматтарын кайсы мекеме, качан жана кандай максатта сураганын текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сервисте суроо-талап жөнөткөн мекеменин аталышы, кайрылган убактысы жана максаты көрсөтүлөт. Жарандын жеке маалыматтарынын өзү бул журналда сакталбайт.

Учурда сервис пилоттук режимде иштеп, ага беш мекеме кошулууда. Алар — Мамлекеттик салык кызматы, “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Социалдык фонд, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Саламаттык сактоо министрлиги.

Алгачкы этапта “Түндүк” акционердик коому аркылуу “Санарип документтер” кызматына, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык жана наркологиялык мекемелерден маалымкат алуу кызматтарына байланыштуу суроо-талаптарды көрүүгө болот.

Агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбековдун айтымында, мекеме жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды пайдалануунун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө багытында иш алып барууда. Алдыдагы пландардын бири — жеке маалыматтардын агымын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген Санариптик коопсуздук борборун түзүү. Мындан тышкары, мыйзам талаптарынын сакталышын текшерүү иштерин кеңейтүү каралууда.

Беш жылдык ишмердүүлүк жана алдыдагы милдеттер

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2021-жылдын 14-сентябрында түзүлгөн. Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн алгачкы жылдарында укуктук базаны калыптандырууга, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана мамлекеттик органдарда жеке маалыматтарды коргоо талаптарынын сакталышын текшерүүгө көңүл бурулган.

Агенттиктин маалыматына ылайык, беш жыл ичинде 42 ченемдик укуктук актынын долбоору демилгеленип, анын 29у бекитилген. Мындан тышкары, 2025-жылдын аягына чейин жеке маалыматтарды иштетүүчүлөрдүн реестрине 27 миң юридикалык жак катталган.

Быйыл өлкөнүн райондук борборлорунда 8 миң адамга жеке маалыматтарды коргоо боюнча окутуулар өткөрүлгөн. Алардын арасында мугалимдер, медицина кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Агенттик кийинки жылы окутуулардын санын кеминде эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатат.

Мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жеке маалыматтарды коргоодо мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, маалыматтардын канчалык негиздүү чогултулуп жатканын, маалыматтык системалардын кандай уюштурулганын жана кызматкерлердин аларга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн көзөмөлдөө зарыл.

“Бул жерде мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтык абдан маанилүү. Кеп маалыматтарды коргоо боюнча текшерүүдөн өтүп жаткан мамлекеттик органдар тууралуу гана эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги менен биргелешкен иш алып баруу жөнүндө да болуп жатат. Жарандардан түшкөн кайрылууларды биргелешип карап, аларга ыкчам жооп кайтаруунун жолдорун иштеп чыгуу керек”, — деди ал.

“Жарандык интернет-саясат демилгеси” коомдук фондунун директору, Улуттук юридикалык корпорациянын башкы директору Татту Мамбеталиева агенттик түзүлгөн алгачкы мезгилде анын зарылдыгы бардык мамлекеттик органдарга түшүнүктүү болбогонун айтты. Анын пикиринде, санариптик технологиялардын өнүгүшү жеке маалыматтарды өзүнчө коргоо институтунун маанисин арттырды.

Алдамчылык, документтерди жасалмалоо жана адамдардын атына мыйзамсыз насыя алуу сыяктуу учурлар жеке маалыматтарга этият мамиле кылуу зарылдыгын көрсөтөт. Ошондуктан жарандардын гана эмес, мамлекеттик органдардын жана бизнестин да бул багыттагы жоопкерчилигин күчөтүү маанилүү.

Агенттиктен белгилешкендей, алдыдагы беш жылда мекеме жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүнү, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү, калктын санариптик жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууну, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана киберкоопсуздук инфраструктурасын өнүктүрүүнү көздөйт.

Анын беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жеке маалыматтарды коргоо маселеси санариптик кызматтардын өнүгүшү менен катар барган сайын маанилүү болуп жатканын көрсөтөт. Алдыдагы негизги милдет — укуктук талаптарды иш жүзүндө аткарууну камсыз кылуу, маалыматтарды пайдалануунун ачыктыгын жогорулатуу жана жарандардын санариптик чөйрөгө болгон ишенимин бекемдөө.