Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажылык тобокелдиктерди башкаруунун заманбап ыкмалары боюнча 3 күндүк окуудан өтүштү.
Ведомствонун маалыматына караганда, анда жасалма интеллектти, машиналык окутууну жана маалыматтарды колдонуу менен бажылык тобокелдиктерди аныктоо, мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу маселелери үйрөтүлдү.
Катышуучулар практикалык сабактарда текшерүүгө алынуучу операцияларды тандоону моделдештирип, бажыдан кийинки аудит жана тобокелдик профилдерин түзөтүү ыкмаларын үйрөнүштү.
Тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү укук бузууларды так аныктоого, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартууга жана ак ниет ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Тренинг Европа биримдиги каржылаган жана Эл аралык соода борбору ишке ашырган "Ready4Trade Борбордук Азия" долбоорунун алкагында уюштурулду.