Окумуштуулар адамдын мээ клеткалары менен иштеген робот итти көрсөтүштү

Дүйнө
Окумуштуулар адамдын мээ клеткалары менен иштеген робот итти көрсөтүштү
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Австралиялык окумуштуулар дүйнө коомчулугун робот иттин жаңы модели менен тааныштырышты. Ал адамдын лабораторияда өстүрүлгөн мээ клеткаларынын негизинде иштейт.

Австралиялык Cortical Labs компаниясынын инженерлери жана биологдору машиналарды башкаруунун альтернативдүү жолун сунушташты. Алар стандарттуу компьютердик программа менен эмес, адамдын мээ клеткалары менен башкарылуучу төрт буттуу роботту жаратышты. Бул клеткалар лабораторияда түздөн-түз микрочиптин бетинде өстүрүлүп, эки тараптуу электр сигналдарын берүү үчүн электроддор менен жабдылган. Сенсорлордон сигналдарды кабыл алган тирүү нейрон тармагы айлана-чөйрөнү өзү талдап, роботту бөлмөдөгү каалаган чекитке багыттайт.

Эксперимент учурунда робот ит жөнөкөй эле картадагы бутага агытылган. Электрдик сигналдын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен изилдөөчүлөр тирүү чиптин кыймылын изилдеп, чечмелей алышкан. Жалпысынан 4000 сааттан ашык убакыттын ичинде окумуштуулар командасы 1300 ар кандай сигнал айкалыштарын сынап көрүшкөн.

Келечекте бул ыкма роботторго жана автономдуу системаларга күтүүсүз чыныгы кырдаалдар учурунда чечим кабыл алууга жардам берет, деп белгилешти авторлор. Учурда бул технология өзгөчө тездиги же натыйжалуулугу менен айырмалана элек. Бирок, келечекте алыскы же кооптуу чөйрөлөрдө иштөө үчүн нейрондук башкарылуучу роботтор иштелип чыгышы мүмкүн.