Кытай жасалма интеллект менен робот техникасы жаатындагы жаңы кесиптерди расмий түрдө тааныды. Жергиликтүү Синьхуа агенттиги жаңы технологияларды лабораториялардан чыгарып, чыныгы заводдордо жана өндүрүш жайларында иштетүү боюнча адистер массалык түрдө даярдалып жатканын билдирди.
2026-жылдын сентябрь айында Кытай бийлиги расмий түрдө 11 жаңы кесипти бекиткен. Аларга жасалма интеллект менен жүргөн роботторду ишке киргизүү боюнча техниктер жана санариптик эгиздер боюнча инженерлер кирет.
Жасалма интеллект менен жүргөн роботторду ишке киргизүү боюнча техник роботторду машыктырат. Бул адис роботту тесттик лабораторияда эле эмес чыныгы ишканада иштөөгө физикалык жана программалык жактан үйрөтөт.
Ал эми санарип эгиздер боюнча инженер реалдуу обьекттердин виртуалдык даана көчүрмөсүн түзөт. Бул 3D реконструкция роботтордун машыгуу аймагы болот жана аларды ишке киргизүү убактысын эки-үч жумадан бир нече күнгө чейин кыскартат.
Кытайдын Өнөр жай жана маалымат технологиялары министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 400дөн ашык гуманоиддик робот моделдери эсепке алынган. Алардын өндүрүшү 40 000 бирдиктен ашкан.
Бул жаңы тармак үчүн кадр жетишсиздигин жоюу максатында Пекин шаардык университети жасалма интеллект боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо программасын ишке киргизген.