“Кытай – Борбор Азия” кызматташтыгы стратегиялык мааниге ээ – Адилбек уулу

Пикир
“Кытай – Борбор Азия”  кызматташтыгы стратегиялык мааниге ээ – Адилбек уулу
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлору ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, айланма экономиканы өнүктүрүү жана жасалма интеллектти колдонуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга багытталган маселелерди талкуулашууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аналитикалык борборлордун форуму Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттеринин ортосундагы туруктуу диалогду өнүктүрүүгө, аймактын келечегине байланышкан маселелерди талкуулоого жана өлкө жетекчилеринин деңгээлинде коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого багытталган.

“2021-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан форум быйыл алтынчы жолу уюштурулууда. Анын негизги максаты — өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө салым кошо турган сунуштарды даярдоо, ар кандай маселелерди эксперттик деңгээлде талкуулоо жана тиешелүү корутундуларды иштеп чыгуу. Өлкө жетекчилеринин жолугушууларында көтөрүлгөн маселелерди тереңирээк карап, коюлган тапшырмаларды кандай жолдор менен натыйжалуу аткарууга болорун аныктоо маанилүү”, — деди Адилбек уулу.

Институттун директору белгилегендей, быйылкы форумда өзгөчө көңүл бурулган маселелердин бири — айланма экономиканы өнүктүрүү. Дүйнөдө ресурстардын тартыштыгы жана аларга жеткиликтүүлүк маселеси курчуп жаткан шартта жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу жана кайра иштетүү аркылуу алардын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

“Биздин сунуштарыбыздын бири — айланма экономика маселесин талкуулоо. Бүгүнкү күндө глобалдашуу шартында ресурстардын тартыштыгы жана аларга жетүү маселеси абдан актуалдуу болуп турат. Ошондуктан колдо бар ресурстарды кайра иштетип, бир нече жолу пайдалануу аркылуу алардын натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун карашыбыз керек. Бул демилгени Борбор Азия өлкөлөрү да колдоп жатат. Биз Кытайдын суудан тартып ар кандай калдыктарга чейин кайра иштетүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдарбыз”, — деди Шумкарбек Адилбек уулу.

Форумдун күн тартибиндеги дагы бир маанилүү багыт — санариптик трансформация жана жасалма интеллектти колдонуу. Бул жаатта технологияларды натыйжалуу пайдалануу менен катар жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана адам капиталын чыңдоо маселелери да каралууда.

“Бүгүнкү глобалдашуу шартында санариптик платформалар жана жасалма интеллект чоң мааниге ээ болууда. Санариптик трансформацияга жана жасалма интеллектке да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Аларды мамлекеттик башкарууда, соода жол-жоболорунда жана инфраструктурада колдонуу кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда технологиялар адамдын кызыкчылыгына кызмат кылып, аларды киргизүү кесиптик көндүмдөрдү жана институттук потенциалды өнүктүрүү менен коштолууга тийиш”, — деп белгиледи ал.

Форумдун биринчи панелдик сессиясында Кытайдын модернизациялоо тажрыйбасы жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун келечектеги ролу талкууланды. Институттун директору белгилегендей, темир жол долбоорунун мааниси транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен гана чектелбейт.

“Кыргызстан үчүн “Кытай — Борбор Азия” форматындагы кызматташтык стратегиялык мааниге ээ. Биз өз ара пайдалуулук жана бардык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде аймактык байланыштарды чыңдоого, сооданы өнүктүрүүгө, инвестициялык кызматташтыкты жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө кызыкдарбыз.
Буга Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу айкын мисал боло алат. Бул долбоордун мааниси транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен гана чектелбейт. Келечекте ал логистиканы, өнөр жайды жана сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактагы ишканаларды кошумча нарк түзүүнүн жаңы чынжырларына интеграциялоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы мүмкүн. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу үчүн инфраструктуралык объектилерди куруу эле жетишсиз. Бул багытта жөнгө салуу, кызмат көрсөтүү, технологияларды колдонуу жана кадрларды даярдоо маселелери боюнча да макулдашылган чечимдер зарыл”,- деди Адилбек уулу.

Белгилей кетсек, Бишкекте “Жогорку сапаттагы өнүгүү жана биргелешкен модернизация” темасына арналган “Кытай – Борбордук Азия” аналитикалык борборлорунун VI форуму өтүүдө. 2021-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан форум Кытайдын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, аймактык маселелерди талкуулоого жана биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.