Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Карамай шаарында ”Мунай шаары — жолугушуу, туризм жана достук шаары” аттуу II эл аралык маданий форум өттү.
Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун максаты — Карамай шаарынын өзгөчөлүктөрү, өнөр жай потенциалы, туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана маданий мурастары менен тааныштыруу. Учурда шаарда 500 миңге жакын адам жашайт. Карамай жер астындагы мунай байлыгы жана жер үстүндө өнүгүп жаткан туризм тармагы менен айырмаланат.
Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүнүн ЖМК өкүлдөрү эл аралык кызматташтыктын, туризм тармагында тажрыйба алмашуунун жана биргелешкен маалыматтык долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгилешти.
Форумдун алкагында катышуучулар мунай компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, чет элдик туристтерди жана киноиндустрия өкүлдөрүн кызыктырган туристтик жайларга барууну пландаштырышты.
Ошондой эле жаштар жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Форумга катышкан кыргызстандык студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу шарттары, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана студенттик жашоо тууралуу тажрыйбалары менен бөлүштү.
Форумда Кыргыз улуттук ”Кабар” маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева мунай, саякат жана боордош шаарлар ортосундагы байланыш кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги үч багыты боло аларын белгиледи.
”Карамай — Кытайдын белгилүү мунай-газ борборлорунун бири. Ал өнөр жайдын өнүгүшү, заманбап технологиялары жана чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанымал. Карамайдын мунай-газ тармагындагы тажрыйбасы, мунай-химия жана илимий-техникалык өнүгүүдөгү жетишкендиктери көптөгөн өлкөлөр үчүн кызыктуу. Тажрыйба алмашуу, ишкердик байланыштарды түзүү жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди ал.
Ошондой эле Халида Эргешева Карамайдын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, шаар өнөр жай жана экономика менен гана чектелбестен, туризмди, маданий алмашууну жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.
”Кыргызстан Solo Adventure Travel 2026 эл аралык туристтик платформасынын рейтингинде биринчи орунду ээледи. Өлкөбүз кооз жаратылышы, меймандостугу жана туризм үчүн ыңгайлуу шарттары менен саякатчылардын көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар да Кыргызстанга болгон кызыгууну арттырууда”, — деп кошумчалады ал.
Форумдун катышуучулары экономикалык кызматташтык өнүгүүгө негиз түзөрүн, саякат элдердин бири-бирин жакындан таануусуна өбөлгө болорун, ал эми боордош шаарлар ортосундагы байланыш узак мөөнөттүү достукту бекемдей турганын белгилешти.
Форум Карамай шаарында эл аралык диалогду өнүктүрүүгө, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоого жана экономика, туризм, маданият жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган аянтча катары бааланды.