Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кытайдын Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөнүн 65 жаштан жогорку калкынын саны 223,65 миллионду, ал эми 14 жашка чейинки балдардын саны 212,76 миллионду түздү. Бул туурасында Казинформ жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме менен билдирүүдө.
Өлкөнүн бир нече аймактарында төрөттүн төмөндөшү жана окуучулардын санынын азайышынан улам бош турган бала бакчалар карылар үйлөрүнө жана геронтологиялык борборлорго айландырылууда. Мурда агартуучуларды даярдаган колледждер акылдуу кам көрүү жана карылар үчүн социалдык кызматтар боюнча программаларды ачып жатышат.
Карылардын санынын өсүшү "күмүш экономиканын" өнүгүшүнө алып келди. Өлкөнүн кары адамдарынын арасында каллиграфия жана вокал, жасалма интеллект, видео монтаждоо жана дрон менен башкаруу мугалимдерине болгон суроо-талап өсүүдө.