Корея менен Борбор Азия илим жана технология жаатында кызматташат

Коом 17 сентябрь 2026 17:10
813467381_29056298417287864_3166349362111762151_n (1).jpg
813692540_859312997171823_64101262755066748_n.jpg
813661635_1064725519665109_7021093038544501437_n.jpg
Алдыга
Артка
813467381_29056298417287864_3166349362111762151_n (1).jpg
813692540_859312997171823_64101262755066748_n.jpg
813661635_1064725519665109_7021093038544501437_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Сеул шаарында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова "Корея Республикасы – Борбордук Азия: жасалма интеллект, илим жана келечектин технологиялары жаатындагы өнөктөштүк" аттуу биринчи министрлер жолугушуусуна катышты.

Министрликтен билдиришкендей, анда Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатындагы өнөктөштүк демилгесин тааныштырды. Талкуулар жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкка жана илимий-технологиялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө арналган эки тематикалык сессиянын алкагында өттү.

Гүлзат Исаматова жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү жана коопсуз колдонуу, адам капиталын өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана практикалык технологиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз тарап жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыктын региондук платформасын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, анда жөнгө салуу, кадрларды даярдоо жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин бириктирүүнү сунуштады.

Илимий-технологиялык кызматташтык жаатында Гүлзат Исаматова биргелешкен изилдөө долбоорлорун жана консорциумдарды түзүүгө өтүүнү, окумуштуулар менен алмашууну жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоону кеңейтүүнү, ошондой эле лабораторияларды, жабдууларды жана илимий маалыматтарды биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Өзгөчө көңүл пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүгө, технологияларды трансферттөөгө жана коммерциялаштырууга бурулушу керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү жана практикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастап, жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатында "Корея Республикасы – Борбордук Азия" кызматташтыгы боюнча биргелешкен демилгени кабыл алышты.