Бишкек шаарында жашыл аймактарды көбөйтүү, сейил бактар менен скверлерди өнүктүрүү жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу маселелери Экологиялык кеңештин жыйындарында негизги темалардын бири болуп келет. 2026-жылы борбор калаада Экологиялык кеңештин 3 жыйыны өтүп, аларга 500дөн ашык адам катышты. Анда шаарды жашылдандыруунун жаңы ыкмалары сунушталып, бак-дарактарды жана жашыл аймактарды күтүү маселелери талкууланып, тажрыйбалар менен бөлүшүлдү. Муниципалитет кандай сунуштарды эске алды жана 2027-жылы бул багытта кандай иштерди жүргүзүү пландалып жатканын Бишкек шаардык мэриясынан “Кабар” агенттигине билдиришти.
Экологиялык кеңештин ишинин жыйынтыгы
2026-жылы Бишкек шаарында Экологиялык кеңештин үч жыйыны өткөрүлдү. Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, илимий чөйрөнүн, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, активисттер жана шаар тургундары болуп 500дөн ашык адам катышты.

Бишкек шаардык мэриясынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, Экологиялык кеңештин ишинин негизги жыйынтыгы шаардагы экологиялык көйгөйлөрдү ачык талкуулоо жана аларды биргелешип чечүү жолдорун иштеп чыгуу үчүн аянтчанын түзүлүшү болду.
"Жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сунушталган шаарды жашылдандыруу, шаардык чөйрөнү көрктөндүрүү, абанын сапатын жакшыртуу жана экологиялык демилгелерди өнүктүрүү боюнча сунуштар каралып, мындан аркы иштеп чыгуу үчүн кабыл алынды", — деп белгилешти мэриядан.
Ошондой эле өсүмдүктөрдүн Бишкектин климаттык шарттарына ылайыктуу түрлөрүн тандоо, сугат системаларын өркүндөтүү жана тигилген көчөттөрдүн жергиликтүү шартка ыңгайлашып, жакшы өсүп кетишин камсыздоо маселелеринде илимий чөйрө менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Катышуучулардын кайсы сунуштары эске алынды?
Мэриянын кызыгуусун жараткан демилгелердин бири — мектептердин аймагын жашылдандыруу болду. Учурда ар бир мектепке мэриянын жетекчилеринин арасынан кураторлор бекитилип, мектеп аймактарын жашылдандыруу боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, активисттердин катышуусунда ландшафттык жашылдандыруу иштерин киргизүү башталды. Коомдук активисттер менен биргеликте алгачкы сыноо аянты аныкталып, анда "Бишкекжашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын катышуусунда иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Экологиялык кеңештин алкагында казакстандык ландшафт архитектору, Envicon бюросунун жетекчиси жана Борбор Азия өсүмдүк өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Роман Шнайдерман менен тажрыйба алмашуу болду.
Мэриянын маалыматына караганда, ал борбор калааны жашылдандыруудагы салттуу ыкмаларды кайра карап чыгып, көп жылдык өсүмдүктөрдү кеңири пайдаланууну жана көп катмарлуу жашылдандырууга өтүүнү сунуштаган. Мында бийик бак-дарактарды, бадалдарды жана көп жылдык гүлдөрдү айкалыштыруу каралган.
”Дагы бир маанилүү багыт — шаарда өзүнүн көчөт өстүрүүчү чарбасын түзүү демилгеси болду”, — деп билдиришти мэриядан.
Бишкекти жашылдандырууда бирдиктүү ыкма колдонулат
2027-жылы Бишкекти жашылдандыруу боюнча пландар тууралуу суроого жооп берип жатып, мэрия шаар аймагын жашылдандырууда системалуу жана илимий негизделген ыкмага өтүү артыкчылыктуу багыттардын бири болорун билдирди.
Учурда мэриянын Шаар чарба департаменти Бишкек шаарынын башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Ботаникалык бактын илимий кызматкери жана "Бишкекжашылдандыруу" муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаардык чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча бирдиктүү концепциянын долбоорун иштеп чыгууда. Ал жашылдандыруунун дизайн-коду деп аталат.

"Документте жашыл аймактарды долбоорлоо, жайгаштыруу, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн тандоо жана аларды күтүү боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө каралган. Аны иштеп чыгууда чет өлкөлөрдүн шаарларынын тажрыйбасы жана адистердин илимий сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.
Өзүнүн көчөт өстүрүүчү чарбасын түзүү пландалууда
Мэрия "Бишкекжашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын көчөт өстүрүүчү чарбасын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурууда.
Учурда питомниктин муктаждыгы үчүн 100 миң даана көчөт сатып алуу иштери жүрүп жатат. Келечекте анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңейтүү пландалууда.
"Негизги стратегиялык максат — көчөт өстүрүүчү чарбанын мүмкүнчүлүктөрүн акырындык менен кеңейтип, муниципалдык ишкана шаарды жашылдандырууга керектүү көчөттөр менен өз алдынча камсыздай ала турган деңгээлге жеткирүү", — деп билдиришти мэриядан.

Ошол эле учурда 2027-жылы канча көчөт отургузулары жана өсүмдүктөрдүн кайсы түрлөрү тандалары азырынча так аныктала элек. Бул көрсөткүчтөр шаардагы муктаждыктарга, климаттык шарттарга, адистердин сунуштарына жана туруктуу жашылдандыруу принциптерине жараша белгиленет.
Жаңы сейил бактар, скверлер жана жашыл аймактар
Мэриядан белгилешкендей, жашыл аймактарды өнүктүрүү жана кеңейтүү Бишкекти көрктөндүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.
"Иштер жаңы жашыл аймактарды түзүү менен гана чектелбестен, учурдагы сейил бактарды, скверлерди жана коомдук жайларды сапаттуу жаңылоону да камтыйт", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Мында аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүгө, сугат системасы менен камсыздоого, өсүмдүктөрдү туура тандоого жана аларды андан ары күтүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, негизги максат жашыл бак-дарактардын санын көбөйтүү менен гана чектелбестен, алардын жергиликтүү шартка ыңгайлашып, жакшы өсүшүн жана узак мөөнөткө сакталышын камсыздоо болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, Бишкектеги жашыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү бир нече багыттагы иштерди камтыйт. Анын ичинде жашылдандыруунун бирдиктүү ыкмасын иштеп чыгуу, өзүнүн көчөт өстүрүүчү чарбасын өнүктүрүү, сейил бактарды жаңылоо жана жаңы жашыл аймактарды түзүү каралган.
Мында отургузулган көчөттөрдүн саны гана эмес, өсүмдүктөрдү туура тандоо, сугаруу жана аларды үзгүлтүксүз күтүү да маанилүү. Ошондой эле мэрия борбор калааны көрктөндүрүүдө адистердин жана шаар тургундарынын сунуштарын эске алуу үчүн илимий чөйрө жана коомчулук менен кызматташууну улантууну көздөйт.