Бишкекте кар тазалоого 114 техника даярдалды

Коом
Бишкекте кар тазалоого 114 техника даярдалды

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкекте күтүлүп жаткан карга байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 114 атайын техникасы жана жумушчу бригадалары даярдыкка келтирилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар көчөлөрүн жана жолдорун кардан тазалоого 55 атайын кар тазалоочу унаа, щетка жана түрткүч жабдуулары менен камсыздалган 34 “Беларусь” трактору, 3 фронталдык жүктөгүч, 5 УКМ-2500 үлгүсүндөгү техника, 6 “Бобкэт”, 3 АСП-25 үлгүсүндөгү кар жүктөгүч жана 4 “Хово” самосвалы даярдалды.

Ошондой эле жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалоого жол пайдалануу кызматынын 50 кызматкери тартылат. Ал эми аялдамаларды, тротуарларды жана аларга чектеш аймактарды тазалоого 954 аймак тазалоочу жумушчу жана 197 жүк жүктөгүч кызматкер иш алып барат.

Мэриядан белгилешкендей, тазалоо иштери жолдордун категориясына жана унаа кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Биринчи кезекте негизги магистралдар, коомдук транспорт каттаган көчөлөр жана муз тоңуу коркунучу жогору болгон тилкелер тазаланат.

Мындан тышкары, ишканада жолдорго себүү үчүн 6 миң 769 тонна техникалык туз даярдалган.