Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Насипбек Керимов Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев менен биргеликте шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда район тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тургундар шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Атап айтканда, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, аялдамаларды орнотуу жана көрктөндүрүү, жолдорду куруу жана оңдоо, канализациялык тармактарды куруу жана оңдоо, жер мунапысы, автобус каттамдарын уюштуруу, ошондой эле Свердлов районунун тургундарын түйшөлткөн башка маселелер талкууланды.
Мэриянын өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине кайрылууларды карап чыгып, зарыл чараларды көрүү тапшырмаларын берди.