Бишкектин эки кичи районунда 10-ноябрда суу болбойт

Коом
1793962666_large.png
1793962642.png
Алдыга
Артка
1793962666_large.png
1793962642.png
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкектин эки кичи районунда 10-ноябрда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда саат 10:00дөн  19:00гө чейин  10-кичи районундагы № 16-25, 9, 10, 11, 17/1, 9-кичи районундагы № 10,12,12/1, 13, 14, 15, 46, 40/1 үйлөрдө суу болбойт.

Суу берүү  “Бишкекжылуулукэнерго” МИ тарабынан диаметри 100 мм болгон бурама тээктеги (задвижка) тыгынды жоюу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.