Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. 7-ноябрда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында, Курманжан датканын эстелигинин жанында салтка айланган кимчи фестивалы өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, фестивалдын алкагында коноктор корей улуттук ашканасынын эң белгилүү тамактарынын бири болгон кимчини даярдоо салттары менен таанышып, Кореянын маданий мурастары тууралуу маалымат алышты.
Иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын көмөгү менен уюштурулду.
Фестивалдын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, корей диаспорасынын мүчөлөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.
Ачылыш аземинде мэрдин орун басары Рахат Мусаева маданий иш-чаралар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле ал кимчи фестивалы борбор калаанын тургундарын бириктирген жакшы салтка айланып, корей элинин өзгөчө маданияты, улуттук каада-салттары жана ашканасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканын баса белгиледи.