Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын туристтик тармагынын өкүлдөрү, салттуу кол өнөрчүлөр жана улуттук продукция өндүрүүчүлөр Нидерландда өтө турган Silk Road Fest 2026 эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Фестиваль 2026-жылдын 25-27-декабрында Заандам шаарында өтөт.
Иш-чара Улуу Жибек жолунун тарыхый багытындагы өлкөлөрдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, маданий мурастарын жана улуттук салттарын жайылтууга, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Программада туристтик багыттардын көргөзмөлөрү, улуттук павильондор, маданий жана гастрономиялык иш-чаралар, бизнес-форумдар жана ишкердик жолугушуулар каралган.
Фестивалга катышуу кыргызстандык ишкерлерге туристтик кызматтарын, кол өнөрчүлүк буюмдарын жана улуттук продукциясын европалык аудиторияга тааныштырып, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.