Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Дубайда жыл аягына чейин 24 караттык алтындан жасалган дүйнөдөгү эң узун жөө жолду ачуу пландалууда. Бул тууралуу Dubai Gold District компаниясы жарыялады.
АЗЕРТАЖ агенттиги чет элдик басылмаларга шилтеме берип билдиргендей, "Алтын аллея" Дубайдын Алтын кварталындагы жаңы туристтик жайга айланат.
Dubai Gold District компаниясынын коммерциялык багыт боюнча улук директору Рашид Аль-Хармудинин айтымында, долбоор Дубайдын туристтик багыт жана алтын соодасынын дүйнөлүк борбору катары позициясын бекемдөөгө багытталган. Жөө жол келген конокторго жана туристтерге "алтын жол" менен сейилдөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондой эле бул аймакта алтын жана зер буюмдар соодасына арналган Жакынкы Чыгыштагы эң ири көргөзмөнү уюштуруу пландалууда.
Бул жарыя Дубайда салттуу "джхумкас" стилинде колго жасалган дүйнөдөгү эң оор жана эң чоң алтын сөйкөлөр Гиннесстин рекорддор китебине кирген учурга туш келди.