Кыргызстан Дубайда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Коом 8 сентябрь 2026 16:35
WhatsApp Image 2026-09-08 at 12.33.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-08 at 12.33.03 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-08 at 12.33.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-08 at 12.33.03 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстан “Boosting Exports through FDI in Central Asia” эл аралык демилгесинин алкагында Дубай шаарында өткөн түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга арналган аймактык сессияда өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов өлкөнүн инвестициялык потенциалы боюнча презентация жасады.

Дамирбек Бикулов Кыргызстан үчүн энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, өнөр жай, транспорт жана логистика, айыл чарба жана кайра иштетүү, туризм, инфраструктура жана санариптик технологиялар сыяктуу тармактардын инвестиция тартуу жаатындагы келечегин белгиледи.

Борбор Азияга багытталган greenfield-инвестициялардын көлөмү 2022-жылдагы 12 млрд АКШ долларынан 2025-жылы 27 млрд АКШ долларынан ашканы айтылды.

Катышуучулар аймактык нарк түзүү чынжырларын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек аралык инфраструктураны чыңдоо жана инвесторлордун Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча макулдашылган аймактык ыкманы калыптандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул ыкма инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Борбор Азиянын эл аралык нарк түзүү чынжырларындагы ролун жогорулатууга багытталат.