Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 2-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Талас облусунда +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл облусунда +10...+15, Нарын облусунда+8...+13 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарынан абанын табы +17...+19 градус жылыйт.