Бүгүн "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев бир күндүк ишин журналисттерге көрсөтүп берди.
Ал спорт тармагындагы аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар жана спортту өнүктүрүү боюнча демилгелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берип, кышкы жана суу спорт түрлөрүн өнүктүрүү, спорттук инфраструктураны кеңейтүү жана спортчуларды колдоо маселелерине токтолду.
"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун максаты — мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык көрсөтүү, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана коомчулук менен түз байланыш түзүү.