Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча курама командасынын мүчөсү Сайкал Мамашарипова Россиянын Новосибирск шаарында өткөн эл аралык мелдеште эки медаль утту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Олимпиада чемпиону Евгений Подгорныйдын байгелерине арналган мелдеш 2-7-ноябрь күндөрү өтүп, ага бир катар өлкөлөрдүн спортчулары катышты.
Мамашарипова таянып секирүү боюнча күмүш, эркин көнүгүүлөр боюнча коло медалга ээ болду.