Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка жайгашты. Бул тууралуу UWW сайтында жарыяланган маалыматтан көрүүгө болот.
UWWнин жаңыртылган рейтинги 24-октябрдан 2-ноябрга чейин Астанада өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн.
Турнирде Мээрим Жуманазарова 68 кг салмактагылар арасында күч сынашып, күмүш медалга ээ болду.
Бул жыйынтык ага 64 миң 800 упай топтоого мүмкүндүк берди.