Асанбаев: Спортчуларды эл аралык машыгууларга жөнөтүп туруу зарыл

Спорт
Асанбаев: Спортчуларды эл аралык машыгууларга жөнөтүп туруу зарыл
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тушунда Кыргызстанда спортту өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп, спорт тармагын каржылоо көбөйүп, жаңы спорттук объектилер курулууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, спортчулар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат, бирок ийгилик көп жагынан каржылоого байланыштуу.

"Спортчулар жакшы каржыланса, жыйынтыктар да жакшы болот. Спортчулар эл аралык окуу-машыгуу жыйындарына жана мелдештерге катышуу үчүн Кыргызстандан тышкары чыгып, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүшү керек", - деди Урмат Асанбаев.