Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кант шаарында параспортчулар үчүн спорттук комплекс куруу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, учурда параспортчулар үчүн зарыл болгон спорттук инфраструктура жок. Комплекс курууга жер тилкеси бөлүнүп, демөөрчүлөр табылган.
"Жаңы комплексте спорттун бардык түрлөрү менен машыгууга шарт түзүү пландалууда. Долбоор даярдалган, бирок аны дагы жакшыртуу зарыл", — деди ал.