Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайын 2028-жылга чейин толук реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерин каржылоону Бишкек мэриясы жүргүзүүдө. Реконструкция 2026-жылы башталган. Иштин жүрүшүндө имараттагы сахна жана көрүүчүлөр үчүн орундуктар алмаштырылат.
Урмат Асанбаев спорт сарайынын имараты бузулбай турганын, ал толугу менен жаңыланарын белгиледи.
Ошондой эле реконструкциянын алкагында бассейндерди жана футбол, волейбол, баскетбол аянтчаларын куруу каралган.