Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2027-жылы спортту өнүктүрүүгө 3 млрд 104 млн сомго жакын каражат бөлүү каралууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, бул каражат эмгек акыга, спортту өнүктүрүүгө, спорт залдарын ижарага алууга жана иш сапарларга жумшалат.

"Ошондой эле Олимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн 580 млн сомго жакын каражат бөлүү пландалууда. Мындан тышкары, Финансы министрлиги спорттук объектилерди курууга дагы 400 млн сом бөлөт", - деди ал.
Урмат Асанбаев белгилегендей, быйыл спорт тармагына 2,5 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.