Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан авиадиспетчердик мунара учактардын учуп-конуу коопсуздугун камсыз кыларын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында авиадиспетчердик мунаранын иши менен маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тааныштыруу учурунда билдирди.
Анын айтымында, бийиктиги 27 метрди түзгөн мунарада авиадиспетчерлер иштешет. Алар учуу-конуу тилкесиндеги жана перрондогу аба кыймылын көзөмөлдөп, учактардын учуп-конушуна уруксат беришет.
“Бул мунара АКШнын “Ганси” авиабазасы иштеп турган мезгилде долбоорлонуп, курулган. Анын өзгөчөлүгү — автономдуу иштей алгандыгында. Бул жерде дизелдик электр генераторлору жана өз алдынча суу менен камсыздоо системасы бар. Кандайдыр бир жагдай жаралса да, мунара тышкы инфраструктурага көз каранды болбой иштей алат. Бул авиадиспетчердик кызмат үчүн абдан маанилүү, анткени аба кемелеринин учушу жана конушу үзгүлтүксүз жүрүп турат”, — деди ал.
Ошондой эле Бостонов мунарага Кыргызстанда алгачкы жолу орнотулган 270 градустук симулятор тууралуу маалымат берди. Анын жардамы менен авиадиспетчерлердин иш шарттарын жана аба кыймылын башкаруу процессин моделдештирүүгө болот.
Медиа долбоордун алкагында журналисттерге мунарадан көрүнгөн аймак көрсөтүлүп, андан соң симулятордун иштөө принциби менен тааныштыруу пландалды.
Бостонов белгилегендей, ал жарандык авиация объектилерине мезгил-мезгили менен келип, кызматкерлердин иши, инфраструктуранын абалы менен таанышып турат.